Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын элчисин кабыл алды

Бүгүн, 25-январда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар 2024-жылдын февралында Анкарада өтө турган кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына даярдыктарды талкуулашты.

Ага ылайык, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы көп кырдуу өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын ушул жылы Кыргызстанга боло турган сапарын талкуулашты.

25 Январь 2024 жыл 15:31

Тема боюнча