Балыкчы шаарынын жаңы мэри Баатырбек Жантаев шаар башчысы катары өзүнүн биринчи расмий билдирүүсүн жасады.
Ал өлкө жетекчилигине ыраазычылык билдирип, өзүнө жүктөлгөн милдетке жоопкерчилик менен карай турганын баса белгиледи.
«Мага көрсөтүлгөн ишеним үчүн терең ыраазычылык билдирем. Өзгөчө өлкө башчыбыз Садыр Нуркожоевичке жана жетекчилерибизге! Балыкчы шаары — тарыхы терең, экономикалык мүмкүнчүлүгү чоң, келечеги кең шаар. Бул кызматты мен чоң жоопкерчилик катары кабыл алдым», — деди Жантаев.
Анын айтымында, алдыдагы негизги максат — шаар тургундарынын жашоо шартын жакшыртуу, инфраструктураны өнүктүрүү, коомдук кызматтарды жакшыртуу жана коопсуз, таза шаар чөйрөсүн түзүү.
Ошондой эле ал Балыкчынын туристтик жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу зарылдыгын белгилеп, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө аракет кыларын билдирди.
«Жаштарга шарт түзүү, спорт жана маданият объектилерин колдоо, жашоочулар менен түз байланышта болуу — менин жеке артыкчылыктуу багыттарым болот», — деди жаңы мэр.
Жантаев коом менен ачык байланышта болуп иштээрин, шаарды өнүктүрүүдө ар бир тургундун үнү эске алынышы керек экенин белгиледи.
«Мэрлик кызмат — бул эл үчүн иштөө. Элдин ишенимин актай алуу — мен үчүн эң башкы милдет», — деп жыйынтыктады ал өз билдирүүсүн.