Жанар Акаев: “Мэрдин айлыгы депутаттыкынан 2 эсе аз”

Ош шаарынын мэри Жанар Акаев азыркы айлык акысы депутат болуп жүргөндө алган маянасынан аз экенин айтты.

Ал «Номадга» маек куруп жатып, «мэрдин айлыгы депутаттыкынан 2 эсе аз» деди.

«Жогорку Кеңештеги депутаттык фонддон айына 80 миң сом бөлүнөт. Айдоочу аласыңбы, бензин куясыңбы, учак менен учасыңбы, ошого берилет. Андан сырткары, 110 миң сомдой айлык акы болот. Ошондо депутат кезде 190 миң сом алчубуз. Азыр мэр болуп турганда 87 миң сом болуп жатат»,— деди Акаев.

30 Март 2026 жыл 15:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча