Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиевди I даражадагы «Манас» ордени менен сыйлады

Азербайжан президенти Илхам Алиев Кыргыз Республикасынын жогорку мамлекеттик сыйлыгы — I даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды.

Мамлекеттик сыйлыкты бүгүн, 31-июлда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Азербайжандын лидерине Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик сапардын алкагында тапшырды.

“Манас” ордени — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын бири. Ал өлкөнүн экономикасына жана элине сиңирген өзгөчө эмгеги, Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө кошкон салымы, мамлекетти жана демократиялык коомду чыңдоодогу, элдин биримдигин бекемдөөдөгү, ошондой эле өлкөнүн экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын арттыруудагы жетишкендиктери үчүн берилет.

31 Июль 2026 жыл 11:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча