“Мен эч кимди сен акаевчи, сен бакиевчи, сен атамбаевчи же жээнбековчусуң деп бөлгөн жокмун”. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кабар агенттигине кезектеги берген маегинде айтты.
“Себеби «кадровый голод» бар эле бизде. Иштейм деп жулунгандардын баарына мүмкүнчүлүк түзүп, кызмат бердим.
“Жаштарды алып кел кызматка” деп кыйкырышты эле, жаштарды да алып келип көрдүм. Тажрыйба болбосо, болбойт экен.
Кыскасы, менин өткөн беш жылымдын жарым жылы ызы-чуулар, шайлоолор, референдум менен өтүп кетти.
Бир жылым баш мыйзамды оңдоп, башкаруу системасын өзгөртүп, мыйзамдардын баарын ошого тууралаганга кетти. Ошентип, бир жарым жыл убакытты ызы-чуу менен мен кыйын кадрмын дегендерди сынап көрүп, жөн эле өткөрүп жибердик.
Азыр эми убакыттар, берилген мүмкүнчүлүктөр менен сындан өткөн туруктуу команда иштеп жатат.
Албетте, кемчиликтер жок эмес, бар. Бирок улам-улам жаңылап, түздөп кете беребиз. Көч бара-бара түздөлөт дегендей”,-деди ал.