Жапаров: “Шайлоого катышкандар көбөйөт деген үмүтүбүз акталган жок”

Биз шайлоону ачык-айкын, электрондук добуш берүү, аралыктан шайлоо сыяктуу шарттарды түзүп бергенибизге карабастан, шайлоого келген элдин саны аз болду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жаңы шайланган депутаттарынын ант берүү аземинде билдирди.

Анын айтымында, буга чейинки шайлоолорго салыштырмалуу бул шайлоого 200 миң адамга көбүрөөк келди.

«Бирок, биз түзүп берген шарттардан кийин элдин катышуусу активдешет, 70 пайызга чыгат деген үмүтүбүз жана болжолубуз бар эле. Тилекке каршы, андай болгон жок.

Ошондуктан балким, милдеттендирүү чараларын киргизебизби же башка ыкмаларын издейбизби, айтор, эл-журтубуздун шайлоого жигердүү катышуусун камсыз кылуу үчүн жаңы мыйзам керекпи деген ой жаралууда.

Маселен, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө жарандар шайлоого катышууга мыйзам чегинде милдеттендирилген. Анын негизинде шайлоого катышуу рейтинги жогорулагандан кийин гана ал мыйзамдардын зарылчылыгы болбой калган. Мисалы, Түркияда ошондой болгон экен», — деди президент.

Ошондой эле ал мындай мыйзам Сингапурда азыр дагы иштеп турарын белгиледи. Аларда ар бир жаран шайлоого катышууга милдеттүү.

«Эгер жаран шайлоого катышпаса, кийинки шайлоого катышуу укугунан ажыратылат экен. Биз ар дайым эл аралык ийгиликтүү тажрыйбаларга таянышыбыз керек. Аларды биздин элдин менталитетине ылайык келтирүү менен пайдалануубуз зарыл», — деди өлкө башчысы.

17 Декабрь 2025 жыл 13:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча