ЖК төрагасы депутаттарды орчундуу маселелерди көтөрүүгө чакырды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Марлен Маматалиев депутаттарды парламентте орчундуу маселелерди көтөрүүгө чакырды.

“Депутаттык топтордун жетекчилери менен сүйлөштүк. Анда ар бир депутат Жогорку Кеңештин жыйынында 10 мүнөттүк убакыт сураганда, топтун жетекчилери менен акылдашып, андан кийин убакыт сурайт. Ал эми эч бир депутаттык топко кирбеген эл өкүлдөрү убакыт сураганга укуктуу. Бул жерден орчундуу маселе, реформа, көйгөйлөрдү көтөрүүгө чакырып кетет элем”, — деди Маматалиев.

18 Март 2026 жыл 11:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча