ЖК төрагасы Марлен Маматалиев АКШ элчисинен виза талаптарын жеңилдетүүнү өтүндү

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигерини кабыл алды.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда тараптар эки мамлекет ортосундагы алакаларды арттыруу жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча ой бөлүштү. Мындан сырткары, кызматташтыктын учурдагы абалы боюнча пикир алмашуу болуп, виза берүү шарттарына байланышкан жагдайлар тууралуу да сөз козголду.

Тагырагы, төрага Кыргызстандын жарандарына карата визалык режимдин күчөтүлгөндүгүнө байланыштуу тынчсыздануусун айтып, киргизилген күрөөнүн көлөмүн кайра карап чыгууга көмөктөшүү өтүнүчүн билдирди.

Ал эми элчи Лесли Вигери жылуу кабыл алгандыгы үчүн төрагага ыраазычылыгын билдирип, АКШ Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурарын кошумчалады. Ошондой эле визалык жагдайлар боюнча да түшүндүрмө берип, киргизилген талаптар аталган жааттагы мыйзам бузууларды алдын алуу багытында жасалганын белгиледи.

Муну менен бирге элчи инвестициялык климатты жакшыртууга байланышкан сунуш-пикирлерин билдирип, бул багыт эки мамлекеттин тең өнүгүүсү үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин жүйө келтирди. Жолугушуунун соңунда гуманитардык тармактагы алакаларды арттыруу жана жалпы эле өнөктөштүктү өнүктүрүү жаатындагы сунуштар талкууланды.

18 Июнь 2026 жыл 12:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча