Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйынында бош мандаттарды берүү тууралуу токтомунун негизинде төмөндөгү талапкерлер Жогорку Кеңештин депутаттары деп таанылды.
Улугбек Ормонов – №10 көп мандаттуу шайлоо округу;
Мавлюда Калбердиева – №11 көп мандаттуу шайлоо округу;
Бактыбек Чойбеков – №17 көп мандаттуу шайлоо округу;
Алтынкүл Мурзакимова – №29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча.
Жогорку Кеӊешинин депутаттары болуп катталып, аларга белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белгилер берилди.
Белгилей кетсек, буга чейин Курманкул Зулушев, Шайырбек Ташиев, Нурланбек Азыгалиев, Гүлсүнкан Жунушалиева арыз берип, мандаттарын тапшырган.