Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети бүгүн, 23-декабрдагы жыйында Каныбек Досмамбетовду саламаттык сактоо министри кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү маселесин карады.
Талапкер тууралуу маалыматты Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Гульнара Акимбаева коррупцияга каршы күрөшүү боюнча маселелерди тактады. Депутат Венера Салямова саламаттыкты сактоо тармагында натыйжалуу кадр саясатын жүргүзүү керектигин билдирди. Эл өкүлү Кубанычбек Самаков Нарын облусунун Нарын, Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорундагы медициналык мекемелерди керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу зарылдыгына токтолду.
Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү Каныбек Досмамбетовду Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри кызматына дайындоого макулдук берүү жөнүндө сунушту жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберди.