Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын иликтөө материалдарынын жана аудитордук текшерүүнүн негизинде «Кыргызнефтегаз» ААКсындагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ички иштер министрлиги тарабынан — мурда Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген Шаирбек Ташиев камалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык ал Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.