Айпери Медет кызы олимпиада чемпиону менен кайрадан килемге чыгат

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы 27-мартта Ташкент шаарында өтө турган «PWL» турниринде күч сынашат.

Маалыматка ылайык, Медет кызы Жапониянын Олимпиада чемпиону Юки Кагами менен беттешет. Буга чейин эки спортчу 4 жолу кармашып, экөө тең экиден жеңишке жетишкен.

Акыркы жолу 2023-жылдагы дүйнө чемпионатынын финалында жолугуп, анда Кагами жеңген.

Белгилей кетсек, Кагами 2024-жылы Париж Олимпиадасынын чемпиону болгон. Ал эми Айпери Медет кызы Париж Олимпиадасында 5-орунду ээлеп, андан кийин Азия чемпионатын жана Ислам оюндарын жеңип, дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган.

13 Март 2026 жыл 13:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча