Азия биринчилигинде 4 кыргыз балбаны жарым финалга чыкты. Алар кимдер?

Бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаарындагы “Жаштык” арена спорт комплексинде грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионаты башталды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен маалымдашкандай, тандоо этаптарындагы кармаштардын жыйынтыгына ылайык эми Кыргызстандын курама командасынын төрт балбаны финалга чыгуу үчүн күч сынашат.

Алар:

  • Улан Муратбек уулу (55 кг чейинки салмак категориясы);
  • Афтандил Таалайбеков (63 кг чейин);
  • Акжол Махмудов (77 кг чейин);
  • Асан Жанышов (87 кг чейин).

Жарым финалдык беттештер бүгүн саат 18:00дө башталат.

6 Апрель 2026 жыл 14:57
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча