
Бүгүн, 22-октябрда жаңы эки футболдук объекти ачылат. Биринчиси, капиталдык реконструкциядан өткөн КФБ футбол борбору, Кыргыз футбол биримдигинин Футбол академиясы аталышы менен ачылат.
Академия 3,374 гектар аянтты ээлеп, жаш оюнчулардын спорттук машыгуусу жана өнүгүүсү үчүн заманбап шарттарды камсыз кылган бир нече негизги объектилерди камтыйт. Бул жерде мейманкана комплекси, чечинүүчү бөлмөлөр, ашкана, үч толук көлөмдүү машыгуу аянтчалары, жабык трибуналар жана 7+1 оюндары үчүн бир аянт курулган. Бардык талаалар автоматтык сугат системасы менен жабдылган жана кечки оюндарга атайын заманбап жарыктар орнотулган.
Ал эми экинчи объект — Чүй районунун Орок айылында 3,5022 гектар жер тилкесинде жайгашкан «Мурас Юнайтед» футбол клубунун машыгуу базасы. Базада чоң мейманкана комплекси, футзал боюнча машыгуу аянтчалары, бир толук көлөмдүү гибриддик аянтча жана дагы бир жабык оюн талаасы бар.
Бул обьектилердин ачылышы өлкөнүн футбол инфраструктурасын өнүктүрүүдө олуттуу этап болуп саналат жана жаш спортчулардын өсүп-өнүгүүсүнө жана машыгуусуна жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Кыргыз футбол биримдиги ММК өкүлдөрүн «Мурас Юнайтед» машыгуу базасынын ачылышына чакырат. Иш-чара саат 17:00дө башталат.
Эскертсек, КФБнын футбол академиясынын ачылыш аземи жабык түрдө өтөт.