Нурзат Нуртаева Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты
9-апрелде Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатынын алкагында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Нурзат Нуртаева жарым финалга чыкты.
Ал 72 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, чейрек финалда Кореянын өкүлү Субин Кимди 10:0 эсебинде ишенимдүү жеңди.
Жарым финалда Нурзат Нуртаева Кытай спортчусу Жиа Лонг менен беттешет.
Жарым финалдык беттеш 9-апрелде саат 16:45те башталат.