Бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү София шаарында (Болгария) өтө турган “Сранджа” Эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдашты.
Маалым болгондой, мелдеш 2-12-февраль күндөрү өтөт.
Курама команданын тизмеси:
— 48 килограмм Анваржан Хождиев;
— 51 килограмм Бекзат Эргешов;
— 54 килограмм Руслан Эрнест уулу;
— 57 килограмм Ислам Төрөбаев;
— 60 килограмм Баяман Азизбек уулу, Рысбек Бектенов;
— 63.5 килограмм Аскат Култаев;
— 71 килограмм Элдар Турдубаев;
— 75 килограмм Султан Асанкул уулу, Даниель Абдрахманов;
— 86 килограмм Бекбол Мурасбеков.
Ал эми курама команда машыктыруучу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги астында мелдешке катышат.