Кубанычбек Абдисалам уулу АКШдагы LFA (22-3) турниринде дебют кылат. Brave CF уюмунун чемпиону 15-августта Сиу-Фоллс шаарында өтө турган LFA 214 турниринде беттешет.
Кыргызстандыктын атаандашы CFC уюмунун чемпиону 34 жаштагы бразилиялык Андре Борхес болмокчу (15-6). Буга чейин LFA турнирлеринде Мыктыбек Оролбай уулу менен Уран Сатыбалдиев күч сынашкан.