Кыргыз балбандары Дүйнөлүк улуттук оюндарда байгелүү орундарды ээледи

Кыргыз балбандары Дүйнөлүк улуттук оюндарда байгелүү орундардын ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-12-октябрь күндөрү Россия Федерациясынын Чуваш Республикасынын Чебоксары шаарында II дүйнөлүк улуттук оюндар боюнча мелдештер өттү. Аталган Дүйнөлүк оюндарга Кыргызстандын Кыргыз күрөшү боюнча курама командасы экинчи ирет катышты.
Жыйынтыгында Кыргызстандын Кыргыз күрөшү боюнча курама командасы төмөнкүдөй жыйынтык көрсөттү:
Толубай Шүкүров — 60 кг салмак категориясында 1-орун;
Арлен Эстебесов — 66 кг салмак категориясында 1-орун;
Назарбек Космосбек уулу — 72 кг салмак категориясында 2-орун;
Мыктыбек Омурзак уулу — 84 кг салмак категориясында 1-орун;
Азизхан Мусабек уулу — 90 кг салмак категориясында 1-орун;
Бактияр Мирлан уулу — +90 кг салмак категориясында 1-орунду ээледи.

13 Октябрь 2025 жыл 16:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча