
Мунарбек Сейитбек уулу АКШнын Колорадо штатынын Пуэбло шаарында өтүп жаткан «2025 USA Boxing International Open» эл аралык турниринде алтын медаль утту.
Финалда кыргыз мушкери америкалык Жеримия Муноз аттуу мушкер менен кез келип, беттеште Мунарбек Сейитбек уулу өзүнүн чеберчилигин көрсөтүп, америкалык мушкерди татыктуу түрдө жеңип, чемпион болду.