Олимпиада оюндарына Шаршенбековдун эки атаандашы белгилүү болду

Кыргызстандын грек-рим балбаны Жоламан Шаршенбековдун (60 кг) Олимпиада оюндарындагы дагы 2 атаандашы белгилүү болду.

Египетте 22-24-мартта Африка жана Океаниянын олимпиадалык квалификациялык мелдеши өттү. Анда олимпиадалык салмактарда (60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг) финалга чыккан балбандар лицензияга ээ болду.

60 кг салмакта алжирлик Абделкарим Фергат менен египеттик Моамен Ахмед Раби Мохамед Олимпиадага жолдомо утту.

25 Март 2024 жыл 9:16
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча