
ОрусиянынЧелябинск облусундагы Магнитогорск циркинде 22 жаштагы гимнаст кыз төрт метрден ашык бийиктиктен кулап каза болду. Бул тууралуу Орусия басылмалары жазышты.
Маалыматка караганда кырсык 17-майда болгон. Анда ал айланма дөңгөлөктө акробатикалык трюк жасоого аракет кылып жатып цирктин аренасына кулап түшкөн. Кыз алган жаракатынан улам «Тез жардам» унаасында казаболгон. Факт боюнча кылмыш иши козголгон. Гимнаст эч кандай коопсуздук жабдууларын колдонгон эмес.