Таласта айыл жаштары Азия чемпионатында күмүш медаль алган жаш балбанга аргымак мингизишти (Видео)

Бүгүн, 26-июлда Талас облусунун Манас районуна караштуу Арал жана Чеч-Дөбө айылынын мыкты жаштары Бишкек шаарында өткөн 20 жашка чейинкилер арасындагы Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында 72 кг салмакта мыкты күрөш көрсөтүп, күмүш медалды багындырган Каныбеков Илгис Кубатбековичке келечекте дагы чоң жеңиштерди каалап, аргымак мингизишти.

Белгилей кетсек, жаш балбан Каныбеков Илгис Кубатбекович Манас районуна караштуу Чеч-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келген.

Эске салсак, 2025-жылдын 5-июлунан 11-июлуна чейин Бишкек шаарында 20 жашка чейинкилер арасындагы Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионаты өткөн.

26 Июль 2025 жыл 16:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча