U-20: Дүйнө чемпионатында эркин күрөштөн 9 кыргыз балбаны өлкө намысын коргойт

Бүгүн, 17-августтан 24-августка чейин Болгариянын Самоков шаарында U-20 жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталат. 

Сегиз күнгө созулган бул эл аралык мелдешке жалпы 650 балбан чогулат. Алардын ичинен 233ү эркин күрөштө, 231и грек-рим күрөшүндө, ал эми 186сы кыз-келиндер күрөшүндө күч сынашат. 

Ушул жылы мелдешке былтыркы турнирге катышкан 186 балбан кайрадан келди. Алардын катарында эркин күрөштө – 11 медаль ээси, анын ичинде 1 чемпион, грек-рим күрөшүндө – 10 медаль ээси, алардын үчөө былтыркы чемпиондор, кыз-келиндер күрөшүндө – 17 медаль ээси жана үчөө чемпион наамын коргогону келет. 

Чемпионат эркин күрөш менен башталат. Кыргызстандын атынан эркин күрөш боюнча жаштар курама командасы 9 салмак категориясында катышат. 

Кыргызстандын курамасы – эркин күрөш (U-20):

  • Баяман Керимбеков — 57 кг;
  • Аскат Токтоматов — 61 кг;
  • Өмүрбек Асан уулу — 65 кг;
  • Залкарбек Табалдиев — 70 кг;
  • Адилет Акылбеков — 74 кг;
  • Максат Табылдиев — 79 кг;
  • Элнур Акыбаев — 86 кг;
  • Айтеңир Максатов — 97 кг;
  • Жаргалан Будажапов — 125. 

Улуттук курама команданын улуу машыктыруучусу — Алмазбек Аскаров.

17 Август 2025 жыл 11:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча