Президенттин кирешеси Акылбек Жапаровго караганда аз болгон

Салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин 2023-жылы тапкан кирешеси боюнча декларациясын жарыялады.

Президент Садыр Жапаров тапшырган декларациясында 2023-жылы 2 млн 760,3 миң сом киреше тапканын, ээлигинде айыл чарба багытындагы 63 сотых жер бар экенин көрсөткөн.

Ал эми мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун декларациясында 2023-жылы 2 млн 826,6 миң сом киреше тапканы, аянты 77,5 чарчы метр батири бар экени жазылган.

Эскерте кетсек, Акылбек Жапаров 2024-жылы 16-декабрда кызматтан кеткен.

20 Январь 2025 жыл 9:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча