Россия Украина менен кандай шартта 30 күнгө элдешет?

Россия Украина менен 30 күндүк элдешүүгө макул, бирок айрым жагдайлар бар. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.

Ал Беларустун өлкө башчысы Александр Лукашенко менен болгон сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын берди.

Путин Россия согуштук аракеттерди токтотууга макул экенин, бирок бул биротоло тынчтык орнотуп, кризистин баштапкы себептерин жок кылышы керектигин белгилеген.

«Эгер элдешүүнү макулдашсак, Курск аймагына кирген участокту эмне кылуу керек? Ошол жерде карапайым элге каршы массалык кылмыш жасагандарды чыгарууга туура келип калабы? Же Украина командачылыгы аларга туткун катары багынып берүүгө буйрук береби? Бул топ азыр толугу менен изоляцияда», — деген Россия лидери.

РФ президенти токтолгон башка дагы учурлар:

Россия Украина менен 30 күнгө жарашууну жактайт. Бирок бул 30 сутка кандай пайдаланылат? Украинадагы мобилизация уланып, жаңы күчтөр даярдыктан өтүшү үчүнбү?

Украина убактылуу элдешүүнү күч менен мобилизациялоо жана курал-жарак жеткирүү үчүн колдонушу ыктымал. Муну көзөмөлдөө маселесин чечиш керек;

Украинадагы согуштук аракеттерди токтотууга ким буйрук берери жана анын баасы канча болору белгисиз;

Согушту токтотуу узак мөөнөттүү тынчтыкты орнотуп, кризистин негизги себептерин жоюуга тийиш;

Путин Трамп менен элдешүү идеясын талкуулоону четке каккан жок жана жаңжалды жөнгө салууга көп көңүл бургандыгы үчүн ага ыраазычылык билдирди.

14 Март 2025 жыл 6:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча