Ташиев 2021-жылы кыргыз-тажик чек ара чырында эмне үчүн жоготуулар көп болгонун айтты

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билим берүү системасынын кызматкерлери менен жолугушуу учурунда 2021-жылы май айындагы кыргыз-тажик чек ара чырында эмне үчүн жоготуулар көп болгонун айтты.

Ал белгилегендей, чек арада жаңжал чыкканда мамлекетте бир дагы аскер машинасы болгон эмес.

«Биздин аскерлер 40-50 жыл мурда чыгарылган автомат, тапанча менен гана чыккан. Ал тургай бронежилет жок эле. Ошол себептен жоготуулар көп болгон. Чек араны эски УАЗ, портерлер менен кайтарышчу. Айлыктары 15-20 миң эле. Айтор, мамлекет улуттук коопсуздукту камсыз кыла алган эмес. Чыр-чатак учурунда бизде бир эле сооттолгон автоунаа бар болчу. Аны да качандыр бир кезде кримтөбөл Эркин Мамбеталиев белек кылыптыр. Жаңжалда ошол жападан жалгыз машина менен ок-дары ташып, көз жумган, жарадар болгон аскерлерди алып кетип жаттык», — деди Ташиев.

Ошондой эле ал учурда кырдаал түп-тамырынан өзгөрүп, Чек ара кызматында Дубайдан, Россиядан атайын буйрутма менен даярдалган жүздөгөн жаңы сооттолгон автоунаа алынып, ал эми кампалар аскердик техника, курал-жарак, ок-дарыга толтурулганын белгиледи.

«Мындан сырткары, бизде «Байрактар», «Аксүнгүр», «Акынжы» сыяктуу заманбап пилотсуз башкарылган учактар бар. Борбор Азия боюнча булар азыр бизде гана», — деди УКМК төрагасы.

17 Январь 2025 жыл 11:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча