Жалал-Абадда жер титиреди

Кечээ, 25-мартта саат 20:00дө Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында очогундагы күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылында 4 баллга, Кочкор-Ата шаарында, Момбеков, Курулуш, Сакалды айылдарында 3,5 баллга, Шамалды-Сай шаарында, Масы, Кара-Булак, Кызыл-Туу айылдарында, Майлуу-Суу шаарында жана Базар-Коргон районунун Базар-Коргон, Совет айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

26 Март 2025 жыл 10:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча