Кыргызстанда балдарды 1-класска электрондук каттоонун экинчи этабы 30-августка чейин жүрөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен эскертишти.
Экинчи этап 3-июндан тарта башталган.
«Мында жашаган жеринин каттоосуна карабастан, бош орундары бар мектептерге жүргүзүлөт. Баланы мектепке жана бала бакчага каттоо үчүн ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү mektep.edu.gov.kg маалыматтык система аркылуу өтүнмө жибере алышат», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт.
Биринчи этап 8-апрелден 2-июнга чейин расмий каттоодо турган жери боюнча жүргүзүлгөн. Экинчи этапта бош орундары бар мектепке катталса болот.