1-октябрдан тарта аскер кызматкерлеринин пенсиясы жогорулатылды

1-октябрдан тарта аскер кызматкерлеринин пенсиясы жогорулатылды.

Президент Садыр Жапаровдун 18-октябрда кол койгон №299 жарлыгына ылайык, аскер кызматкерлеринин пенсиялык камсыздоосу 10,8%га жогорулады.

Жарлык пенсия алууга укугу бар жана аскердик кызматты улантып жаткан адамдарга жайылтылбайт.

Жарлык 2024-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

Эске салсак, Каржы министрлигинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, жогорулатуудан кийин аскер кызматкерлеринин пенсиясынын орточо өлчөмү 18,3 миң сомду, өсүү орточо 1,8 миң сомду түзөт.

22 Октябрь 2024 жыл 14:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча