№10 троллейбус жол кырсыгына кабылып, жүргүнчүлөр жабыркады

Бүгүн, 13-ноябрда Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүндө (Скрябин көчөсү менен кесилишкен жакта) №10 троллейбус жол кырсыгына кабылып, жүргүнчүлөр жабыркаган. Бул тууралуу окуя кубө болгондор маалымдады.

Андагы кырсыкка күбө болгондордун айтымында, троллейбусстун айдоочусу унааны катуу айдап баратып, жолдон чыгып кетип, бакты сүзүп токтогон.

Кырсыктан кесептинен 2-3 жүргүнчү жабыркаган.

Ал эми Бишкек шаардык мэриянын маалыматына караганда жол кырсык болжол менен саат 08:10до болгон. Айдоочунун айтымында, ал Байтик Баатыр көчөсү менен түндүктөн түштүктү көздөй бара жатып Скрябин көчөсүнөн өткөндө, сол жагынан жеңил унаа кысып, андан качууга аракет кылганда рулду башкара албай, жол жээгиндеги бакты сүзүп токтогон.

13 Ноябрь 2023 жыл 12:13
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча