10миң доллар алмакчы болгон тергөөчү кармалды

10 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнин Тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМК маалымат кызматы кабарлады.

УКМК менен ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте козголгон кылмыш ишинин алкагында 10 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алууга шектүү катары Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын капитаны Т.Н. кармалды.

Үстүбүздөгү жылдын 8-февралында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалган милиция кызматкери КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Учурда кылмыш ишинин алкагында башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

12 Февраль 2025 жыл 9:45
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча