![](https://bia.kg/wp-content/uploads/2023/08/Screenshot_2023-08-24-10-45-59-571_com.android.chrome-edit.jpg)
Пакистанда 110 жаштагы Абдул Ханан Свати төртүнчү жолу үйлөндү. Анын учурда 12 баласы бар. Бул тууралуу «24 News HD»га таянып, serep.kg жазды.
Үйлөнүү үлпөтү Хайбер-Пахтунхванын Мансехра районунда өттү. Анын жубайы Баттаграм округунун 55 жаштагы тургуну болгон. Тойдон кийин күйөөсү аялына калыңга 5 миң рупий берет. Ошондой эле ал кишинин он эки баласынын алтоо үйлөнүү тоюна катышканы кабарланууда.