15-16-апрелде күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн

15-16-апрелде күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

15 Апрель 2024 жыл 12:39

Тема боюнча