15 жаштагы кызды зордуктаган жаран толук акталды

Бишкектин Свердлов райондук соту 15 жашар кызды зордуктоо иши боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу өспүрүмдүн жактоочусу Айсулуу Ибраимова кабарлаганын Reporter.kg’ жазды.

Сот 19 жашар айыпталуучуну толук актады.

«Өкүм менен макул эмеспиз. Шаардык сотко даттанабыз. Кыз азырга чейин психологдон жардам алып жүрөт», — дейт жактоочу.

Эскерте кетсек, Аламүдүн районунда жашаган кыз  2022-жылы 7-декарда мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп, аны 2 күндөн кийин табышкан. Аны менен бирге  эки жигит жана дагы бир кыз болгон. Милиция бөлүмүндө өспүрүм зордукталганын айтып берген.

12 Апрель 2024 жыл 20:32
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча