
25-февраль күнү болжол менен саат 21:10 чамаларында Токмок ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Токмок шаарынын Ленин жана Сарбагышев көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткендиги боюнча маалымат түшкөн. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Токмок шаарынын ыкчам тобу барган учурда төмөнкүлөр аныкталган, 2009-жылы туулган кызды ак түстөгү БМВ X5 үлгүсүндөгү унаасы сүзүп, айдоочу из жашырып кеткен. Кесепетинен жөө жүргүнчү Токмок шаарынын аймактык ооруканасына Тез жардам кызматы менен жеткирилген.
Шектүү катары 1977-жылы туулган жаран кармалып, Токмок ШИИБге өткөрүп берилген.