18-июлдан 22-июлга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт

18-июлдан 22-июлга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ага байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшүн эскертти.

Министрлик сел коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат:

— арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;

— турак үй жайгашкан жерде жаан суулары — агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;

— Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;

— сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;

— мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.

16 Июль 2024 жыл 19:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча