18 жаштагы келин төрөттөн каза тапты. Ымыркайы үч күндөн кийин чарчап калган

Ысык-Көлдүн Түп айылынын 18 жаштагы тургуну төрөттөн улам каза тапты. Ал эми ымыркай 3 күндөн кийин чарчап калган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигининен кабарлады.

Башкы адистин маалыматына караганда, кош бойлуу келин 23-мартта оор абалда Түптүн тез жардам кызматына кайрылган. Ал жерден тиешелүү алгачкы жардам көрсөтүлүп, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына жөнөтүлгөн.

«Бейтап 23-март күнү саат 14:00 чамасында оор абалда ооруканага тушкөн. Дарыгерлер консилиум өткөрүп, кесарево жасашкан. Бирок келиндин абалы начар болуп, реанимацияда жатып, 24-мартта каза болот. Ал эми ымыркай 7 айлык (30 апталык) болуп төрөлгөн, ал да 3 күндөн кийин чарчап калган. Бул окуя боюнча гистологиялык экспертиза дайындалды. Анын корутундусу менен баа берилет», — деди адис.

5 Апрель 2024 жыл 12:51
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча