2-августта таңга маал суучул Денис Петрашов менен дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу келишти

Бүгүн, 2-августта таңга маал суучул Денис Петрашов менен дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу келишти. Спортчуларды «Манас-2» Эл аралык аэропортунан маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев жана спортчулардын жакындары тосуп алышты.

Эске салсак, Парижде өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында Денис Петрашов 100 жана 200 метрге брасс ыкмасы боюнча сүздү.

Дзюдочулар Кубанычбек Айбек уулу 66 килограммга чейинки салмакта, ал эми 90 килограммга чейинки салмакта Эрлан Шеров өлкө намысын коргогон.

2 Август 2024 жыл 13:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча