
Кыргызгидромет билдиргендей, 20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22… +27,
Талас жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10… +15, күндүз +23…+28,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4… +9, күндүз +14…+19,
Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз + 16…+21.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +24…+26 градус болот.