Ашууларда абал кандай?

Бүгүн өлкөнүн бир катар унаа жолдорунда кар тазалоо жана тайгакка каршы иштер жүргүзүлүп, ашууларда унаа кыймылы үзгүлтүксүз камсыздалды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына караганда, Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда жолго кум-туз аралашмасы себилип, кар тазалоо иштери уланууда. Учурда жол ачык.

Өтмөк ашуусунда да жол тазаланып, кум-туз аралашмасы себилди. Каттам ачык, тыгын жок. Ал эми Бишкек – Нарын – Торугарт жолундагы Долон ашуусунда абал туруктуу, унаалар үзгүлтүксүз каттап жатат.

Мындан тышкары, бүгүн саат 09:00дөн тарта Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына киргизилген убактылуу чектөө алынды.

“Айдоочуларды аба ырайын эске алып, ылдамдыкты азайтууга жана жол эрежелерин так сактоого чакырабыз”,– деп айтылат маалыматта.

12 Ноябрь 2026 жыл 11:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча