Президенттик шайлоого катышууга 11 адам талапкерлигин көрсөттү. Алар кимдер?

Бүгүн, 13-ноябрда Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлерди көрсөтүүнүн мөөнөтү аяктады. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, президенттик шайлоого катышууга 11 адам талапкерлигин койду. Алар:

  • Аймен Касенов;
  • Азамат Эсенбеков;
  • Сыймык Жапыкеев;
  • Акай Кадыров;
  • Исхак Масалиев;
  • Садыр Жапаров;
  • Бактыбек Калмаматов;
  • Бактыбек Адылов;
  • Амур Айба Медер;
  • Мамбетжунус Абылов;
  • Клара Сооронкулова.

БШКдан белгилешкендей, учурда талапкерлерди колдоо максатында шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу уланууда. Бул этап 2026-жылдын 8-декабрына чейин созулат. Мыйзамдарга ылайык, каттоодон өтүү үчүн ар бир талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултууга тийиш.

Каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 13-декабрына чейин уланат. Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жетишпеген документтерди белгиленген тартипте тапшыра алышат. Талапкерлерди каттоо 23-декабрга чейин жүргүзүлөт.

13 Ноябрь 2026 жыл 11:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча