Шашылыш билдирүү! Түштүк аймакта үшүк жүрүшү мүмкүн

Түштүк аймакта үшүк жүрөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 15-17-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 0…-2°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

“Мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу”,-деп айтылат маалыматта.

13 Ноябрь 2026 жыл 11:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча