Бүгүн, 13-ноябрда, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында аба ырайы ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек–Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда саат 09:45ке карата автожол ачык, унаалардын каттамы үзгүлтүксүз камсыздалууда.
Ошондой эле Өтмөк ашуусунда жол ачык, унаалардын каттамы үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Ал эми Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда абал туруктуу.
«Жол кызматкерлери тарабынан автожолдордо үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүлүп, жол коопсуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү иштер улантылууда. Айдоочуларды аба ырайын эске алууга, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, ылдамдыкты азайтууга жана убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз»,-деп айтылат маалыматта.