Ошто 3 жашар баланын өпкөсүнөн калемдин капкагы алынды

Ошто 3 жаштагы баланын өпкөсүнөн калемдин капкагы алынды. Бул тууралуу Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 3 жаштагы бала белгисиз зат жутуп алып Кара-Суу аймактык ооруканасына жеткирилген.

Аймактык ооруканада бронхоскопиялык аппарат болбогондуктан, Оштогу облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына кайрылуу жасалган. Түнкү нөөмөттө турган анестезиолог-реаниматолог Семетей Кочкорбай уулу Кара-Суу аймактык ооруканасына түнү саат 23:30да бронхоскопия аппараты менен барган.

Дарыгер өз убагында жардам көрсөтүп, баланын өпкөсүнөн ручканын капкагы алынган.

Учурда бейтаптын абалы жакшы экени, өз алдынча дем алып, аймактык ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө жатканы белгилүү болду.

13 Ноябрь 2026 жыл 14:22
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча