Бишкекте 14-ноябрдан 17-ноябрга чейин Махатма Ганди жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде унаа кыймылы убактылуу чектелет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти
Белгиленген убакыт аралыгында тиешелүү кызматтар тарабынан суу түтүктөрүн тартуу жана курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлөт.
Мэрия жол кыймылынын катышуучуларынан каттамдарын алдын ала пландап, убактылуу чектөөлөрдү эске алууну жана мүмкүнчүлүккө жараша альтернативдүү жолдорду пайдаланууну суранат.