2023-жылы Жогорку Кеңештин 18 депутаты ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Алардын үчөөндө жогорку билим жок болгон. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Нуржан Шайлдабекова 22-октябрда Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, алардын ону партиялык тизме менен, сегизи бир мандаттуу округдан шайланып келген.
Нуржан Шайлдабекова ыйгарым укуктарын токтотууга негиз катары төмөнкүлөрдү атады:
Өз каалоосу менен -9
Башка жумушка өткөндөр – 3
Жогорку билими жоктор – 3
Соттун чечими -2
адам күнөөлүү деп табылган соттун чечиминин негизинде -1.
Ошондой эле 2023-жылы жергиликтүү кеңештин 399 депутаты ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон, анын ичинен 84ү аялдар болгон.