
2024-жылы мамлекеттик бюджеттин жалпы киреше бөлүгүндө салыктык эмес кирешелер 100 млрд 766,1 млн сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул жалпы кирешелердин 17,3%ын түзүп, белгиленген пландан ашыкча аткарылды.
2024-жылы салыктык эмес кирешелер боюнча белгиленген план 47 665,3 млн сомду түзсө, 92 888,7 млн сомго аткарылган. Жыл ичинде жалпы чогултулган сумма 100 млрд 766,1 млн сом болуп, план 108,5%га аткарылды. Натыйжада, 12 айдын ичинде пландагыдан 19,5 млрд сомго көп каражат жыйналып, кошумча киреше булактарын аныктоо аркылуу көбөйтүлдү.
Салыштыруу үчүн 2023-жылдын 12 айында салыктык эмес кирешелер 81 258,1 млн сомду түзгөн. 2024-жылы бул көрсөткүч 124% өсүү темпи менен жогорулады.
2024-жылы салыктык эмес кирешелердин түшүүлөрүн талдоо 2023-жылга салыштырмалуу түшүүлөрдүн төмөнкү түрлөрүнүн көбөйгөнүн көрсөттү:
2024-жылы ФКФ тарабынан берилген бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча пайыздык түшүүлөр 4 968,7 млн сомду түздү. Бул бекитилген бюджеттик пландан 3 421,8 млн сомго көп болду. Өсүш “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКсынын уставдык капиталын көбөйтүү үчүн каралган каражаттардын кайтарылышы менен камсыздалды.
2. Акциялар боюнча мамлекеттик дивиденддер
2024-жылы акциялардын мамлекеттик пакетинен алынган дивиденддер 21 465,6 млн сомду түзүп, бекитилген пландан 13 765,6 млн сомго көп болду. Бул өсүш “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАКынын – 11 385,9 млн сом, “Айыл Банк” ААКнын – 5 420,9 млн сом, “Элдик Банк” ААКнын – 2 472,6 млн сом өлчөмүндөгү дивиденддерди республикалык бюджетке которгону менен байланыштуу.
3. Улуттук банктын пайдасы
2023-жыл үчүн Улуттук банктын пайдасы 12 436,1 млн сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 3 267,9 млн сомго көп жыйналды. Өсүү темпи 135,6% болду.
4. Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын пайдасы
2024-жылы мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардан 413,9 млн сом киреше түшүп, өткөн жылга салыштырмалуу 212,7 млн сомго көп жыйналды. Өсүү ыргагы 205,7% болуп, негизги түшүүлөр “Манас” май куюу комплексинен камсыздалды.
5. Караңгылатылган айнекке уруксат берүү жана автоунааларды каттоо боюнча жыйымдар
2024-жылдын жыйынтыгында бул багыттагы жыйымдар 650,1 млн сомго жетип, белгиленген план 138,3%га аткарылды. Планга салыштырмалуу 180,2 млн сом, ал эми өткөн жылга салыштырмалуу 225,8 млн сомго көп каражат жыйналды.
Ошондой эле автоунааларды каттоо жана кайра каттоо боюнча жыйымдар 3 159,5 млн сомду түзүп, пландан 257,7 млн сомго ашыкча жыйналды.
6. Айып пулдар жана финансылык санкциялар
2024-жылы финансылык санкциялар жана айып пулдар боюнча кирешелер 3 805,1 млн сомду түзүп, бекитилген пландан 263,1 млн сомго ашыкча жыйналды. Өткөн жылга салыштырмалуу өсүү 103,9%ды түздү.
7. Жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү боюнча кирешелер
Бул тармак боюнча республикалык бюджетке түшкөн каражаттар 2 338 млн сом болуп, пландан 474,6 млн сомго көп жыйналды. Өткөн жылга салыштырмалуу 330,9 млн сомго көбөйүп, өсүү ыргагы 116,5% болду.
Жогорудагы көрсөткүчтөр салыктык эмес кирешелердин туруктуу өсүп жатканын жана кошумча киреше булактарын натыйжалуу аныктоо аркылуу мамлекеттик бюджетке олуттуу салым кошулганын көрсөтүүдө