Нурдөөлөт Төлөпберген сүйүктүүсү Аида Багышбекованы эмне үчүн ала качканын түшүндүрдү

Казак жигити Нурдөөлөт Төлөпберген сүйүктүүсү Аида Багышбекованы эмне үчүн ала качканын түшүндүрдү.

«Аида экөөбүз баарын токтотуп, чек арадан өткөм. «Мен сага ишенбейм, мүнөзүбүз дал келбейт, менин көңүлүм калды» деди. Мен макул болуп кеттим. Мен алдын ала бардыгын пландагам. Балдардын баарын чакырдым. Аиданы алдап чыгардым. Ошол менен алып кеттим. Кыздын мени сүйөрүн көзүнөн байкадым. Сөздүн баары мага болгон таарынычынан улам айтылды. Ошонун баарын ала качуу менен бүтүрдүм. Эми жанымда болот, таарынтпайм», — деди ал.

Эске салсак, кечээ, 21-октябрда ырчы Аида Багышбекова «Косылайык» берүүсүндө таанышкан Нурдөөлөт Төлөпбергенге турмушка чыккан.

22 Октябрь 2024 жыл 10:51

Тема боюнча