КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, 7-январда саат 16:37де Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3 магнитудага жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жетиген айылында жана Базар-Коргон районунун Көсө-Терек айылында 2 баллга чейин Көсө-Терек айылынан 13 чакырым түндүк чыгышка, Жетиген айылынан 18 чакырым түштүк батышка, Кетмен-Төбө айылынан 25 чакырым түштүккө, Токтогул шаарынан 45 чакырым түштүк чыгышка чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.