27-мартта Бишкектин айрым жерлеринде суу өчөт

Бишкек мэриясы 27-мартта борбор калаанын айрым аймактарында ичүүчү суу оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу токтотуларын билдирди.

Суу саат 9:00дөн 20:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен кесилишкен аймакта өчүрүлөт: Панфилов көчөсү, Манас проспектиси, Фрунзе көчөсү, темир жол.

“Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранды.

26 Март 2025 жыл 10:42
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча